ИИМ: Элди тоноп жүргөн ири кылмыштуу топтун 15 мүчөсү кармалды

ИИМ: Элди тоноп жүргөн ири кылмыштуу топтун 15 мүчөсү кармалды


29

Кыргызстанда 15 адамдан турган уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлады.

Масштабдуу ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган жарандар кармалган. Алардын өлкө аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулуктарга жана каракчылык кол салууларга тиешеси бар экени аныкталган. Шектүүлөр административдик имараттарды, соода жана кеңсе жайларын тоноо менен алектенишкен.

Кылмыш жасоо маалында өздүгүн жашыруу үчүн аялдын жүзү түшүрүлгөн силикон маскаларды, париктерди жана башка конспирациялык каражаттарды колдонушкан. Алдын ала эсеп боюнча, келтирилген материалдык зыян 25 миллион сомду түзөт.

Тинтүү учурунда тоногонго керек болгон курал-жарак жана тапанча, ок-дарылар табылган. Кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») боюнча айып тагылып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилди.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *