Бүгүн Жиддадан Бишкек менен Ошко 210 жаран келет

Бүгүн Жиддадан Бишкек менен Ошко 210 жаран келет


14

Бүгүн, 4-мартта жарандарды Мекенге кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Жидда – Бишкек жана Жидда – Ош багыттары боюнча эки репатриациялык авиакаттам аткарылат.

Жидда – Бишкек багыты боюнча каттам менен 90 жаран, ал эми Жидда – Ош багыты боюнча 120 жаран жеткирилери күтүлүүдө.

«Учурда эки учак тең жолдо келе жатат жана алдын ала маалыматтар боюнча болжол менен саат 16:00 чамасында Бишкек жана Ош шаарларына келип конот», — деп белгилешти ТИМден.

Жетишилген макулдашууларга ылайык, аталган багыттар боюнча каттамдар туруктуу негизде жумасына үч жолу аткарылат: Бишкек шаарына — шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү; Ош шаарына — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү.

Учурда Кыргызстандын жарандарын коопсуз кайтарууну камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *