Жапаров террористтик чабуулдан каза болгондорго байланыштуу Пакистан элине көңүл айтты

Жапаров террористтик чабуулдан каза болгондорго байланыштуу Пакистан элине көңүл айтты


11

Садыр Жапаров 2026-жылдын 6-февралында Исламабад шаарында террористтик чабуулдун кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардариге жана Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахбаз Шарифге терең көңүл айтуу сөзүн билдирди.

Кыргыз Республикасы терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптап, бул коркунучтарга каршы эл аралык кызматташууну туруктуу улантууга болгон багытын тастыктайт.

 

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *