«Бишкек аренанын» ачылышына 60 миңден ашуун адам келди

«Бишкек аренанын» ачылышына 60 миңден ашуун адам келди


4

5-октябрда Бишкектеги «Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылыш аземине 60 миңден ашуун жаран катышты. Бул тууралуу 6-октябрда борбор калаанын милициясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чара маалында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоого ички иштер органдарынын 5 миңге жакын кызматкери тартылды. Алар күчөтүлгөн режимде иш алып барышты.

Борбор калаанын милициясы билдиргендей, ачылыш аземи учурунда олуттуу мыйзам бузуулар катталган эмес жана иш-чара тынч өткөн.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *