Бишкекте жасалма документтерди даярдоого шектүү чет өлкөлүктөр кармалды
43
Бишкек шаарында документтерди даярдоо жана пайдалануу боюнча чет өлкөлүк эки жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалымака ылайык, УКМК тарабынан 1-октябрда чет мамлекеттин эки жараны — 2002-жылы туулган А.А. жана 2003-жылы туулган И.М.Н. кармалды.
Карамлгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алар виза тариздөөгө байланыштуу жасалма документтерди даярдоого жана пайдаланууга тиешеси бар деп шектелүүдө.
Тергөө иш-чаралары улантылууда.