Бишкекте 1кгдан ашык баңгизат менен жубайлар кармалды

Бишкекте 1кгдан ашык баңгизат менен жубайлар кармалды


28

Кыргызстан менен Орусиянын тиешелүү кызматтары биргелешип жүргүзгөн атайын операциянын алкагында Бишкекте 1995-жылы туулган жаран жана анын жубайы кармалды.

ИИМдин маалыматына караганда, жаран почта аркылуу алган аба муздаткычтын конструкциялык көңдөйүнөн жалпы салмагы 1 килограмм 126 грамм «Alpha-PVP» табылган. Үйүн тинтүү учурунда психотроптук заттарды өлчөө жана таңгактоого арналган электрондук тараза, зип-пакеттер жана изолента алынган.

Алдын ала эсеп боюнча, баңгизатты саткан учурда мыйзамсыз киреше 4 миллион 900 миң сомдон ашмак. Операциянын натыйжасында психотроптук заттын 6 миң 800дөн ашык бир жолку дозасынын таралышына бөгөт коюлган.

Учурда кылмыштуу каналдын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *