Asman Airlines COMACтын учактарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөдө

Asman Airlines COMACтын учактарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөдө


56

Asman Airlines авиакомпаниясы Кытайдын COMAC компаниясы менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө.

Тараптар авиакомпания үчүн COMAC чыгарган C909 жана C919 үлгүсүндөгү заманбап аба кемелерин сатып алуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө макулдашты.

Кызматташтыктын алкагында COMAC учактар боюнча техникалык жана коммерциялык маалыматтарды берет. Ошондой эле Asman Airlines авиакомпаниясынын маршруттук тармагын эске алуу менен, учактарды пайдалануунун экономикалык натыйжалуулугу боюнча биргелешкен эсептөөлөр жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, COMAC учактарынын тибине берилген сертификаттарды Кыргызстанда валидациялоо боюнча иштер жүргүзүлөт. Asman Airlines өкүлдөрү Шанхайдагы COMACтын өндүрүштүк объекттерине барып, учактарды чыгаруу процесси менен таанышууну пландашууда.

 

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *