Тазалык — ыймандын жарымы. Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот. Кутман таң!

Тазалык — ыймандын жарымы. Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот. Кутман таң!


1

Бүгүн, 28-сентябрь Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган облустардын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусу түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27, Талас облусу
түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21, Баткен облусу түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22, Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27, Ысык-Көл облусу түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21, Нарын облусу
түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22, Бийик тоолуу райондор
түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7, Бишкекте ала булут каптап, жаан-чачын болбойт.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *