Бишкек-Ош жолунда эки автоунаа кагышып, 6 адам жабыркады
34
Чүйдүн Жайыл районунда жол кырсыгынан алты адам жабыркады, алардын арасында эки бала бар. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Кырсык 24-сентябрда Бишкек – Ош жолунун 154-чакырымында болгон. Анда карама-каршы багытта бара жаткан Toyota Crown жана Honda Odyssey унаалары кагышкан.
Honda Odyssey унаасындагы алты жүргүнчү ар кандай жаракат алып, ооруканага кайрылган. Жабыркагандардын арасында үч жаштагы эки бала бар.