Чаткалда 15 жаштагы окуучунун өлүмүнө шек саналган төрт өспүрүм эки айга камалды

Чаткалда 15 жаштагы окуучунун өлүмүнө шек саналган төрт өспүрүм эки айга камалды


11

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип кармалган төрт өспүрүм 19-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Ала-Бука райондук сотунун тергөө судьясы чыгарганын Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, окуя 18-сентябрда болгон. Чаткал районунун Жаңы-Базар аймагында 15 жаштагы Д.Р. аттуу өспүрүм ур-токмокко алынып, ооруканага жетпей каза болгон. Анын өлүмүнө шектелип И.М., Н.С., Н.К., Т.А. аттуу 17 жаштагы төрт өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *