Кырчын жайлоосуна көп жылдык газон себилди

Кырчын жайлоосуна көп жылдык газон себилди


27

12-сентябрда Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында этношаарча жайгашкан аймакты жашылдандыруу максатында көп жылдык газон себүү боюнча акция болуп өттү.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов катышты.

Акциянын жүрүшүндө боз үйлөр жана убактылуу объектилер жайгашкан атайын даярдалган тегиз аянтчаларга жергиликтүү жаратылыш-климаттык шарттарга ылайыкташкан көп жылдык газон чөбү себилди.

Иш-чаранын негизги максаты — Кырчын жайлоосундагы этношаарчанын аймагын көрктөндүрүү, жашыл аймактарды көбөйтүү, жаратылышты коргоо жана экологиялык маданиятты жайылтуу.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *