Өлкөдө Улуттук шахмат академиясы түзүлөт

Өлкөдө Улуттук шахмат академиясы түзүлөт


15

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргыз шахмат союзунун алдында Улуттук шахмат академиясын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Анын максаты — эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды даярдоо системасын жакшыртуу, жаштардын интеллектуалдык дараметин өнүктүрүү үчүн заманбап базаны түзүү жана таланттуу спортсмендерди системдүү колдоо менен камсыз кылуу болуп саналат.

Мындан тышкары, заманбап материалдык-техникалык базаны түзүүгө, шахматты өнүктүрүүгө жана жайылтууга көмөктөшүү максатында президенттик фонддон 100 миллион сом бөлүп, өлкөдө шахматты өнүктүрүү фондун түзүү каралган.

 

 

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *