Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет


2

30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга байланыштуу унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Бишкек шаарында чектөөлөр айрым негизги жол тилкелерине тиешелүү болот. Атап айтканда, «Манас» эл аралык аэропортунан тартып Манас көчөсү, Жусуп Абдрахманов, Байтик баатыр, Жайыл баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүндө, ошондой эле Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов жана Абсамат Масалиев проспектилеринде унаа кыймылы убактылуу чектелет.

Чүй облусунда чектөөлөр мамлекеттик иш-чаралардын өткөрүлүшүнө жараша айрым унаа жолдорунда киргизилет.

Ысык-Көл облусунда да бир катар жол тилкелеринде кыймыл чектелет. Алардын арасында «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол, ат майданынын аймагы жана Кырчын капчыгайына алып баруучу жол бар.

 

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *