Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн бир катар өлкөлөрдүн спорттук делегациялары келди

Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн бир катар өлкөлөрдүн спорттук делегациялары келди


22

28-августка караган түнү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга бир катар чет элдик спорттук делегациялар келишти. Бул тууралуу көчмөндөр оюндарынын медиа штабы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын арасында Бангладеш, Мексика, Бурунди, Колумбия, Чили, Ливия, Франция, АКШ, Литва, Улуу Британия, Бельгия, Испания, Румыния, Сауд Арабиясы жана Австриядан делегациялар бар.

Чет элдик спорттук делегацияларды «Манас» эл аралык аэропортунан дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери тосуп алышты.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Ага дүйнөнүн 113 өлкөсүнөн спортчулар катышат.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *