Сары-Булак – Соң-Көл жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлдү

Сары-Булак – Соң-Көл жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлдү


2

Нарын облусундагы Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолунун 5 чакырымына асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, 8,6-13,6-чакырым аралыгындагы тилкеде жол оңдолду. Иштер №14 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык аткарылды.

Жаңыланган жол жергиликтүү тургундардын каттамын жеңилдетип, Соң-Көлгө барган туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзөт.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *