Мэрия Бишкекте 120 көчө оңдолуп жатаканын билдирди

Мэрия Бишкекте 120 көчө оңдолуп жатаканын билдирди


19

Борбор калаада 99 автоунаа жолдору жана 21 тротуар оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирет.

Муниципалитеттин маалыматында анын ичинен 43 автоунаа жолу, 13 тротуар боюнча иштеп аяктады.

  • Бишкектин Ленин районунда 20 көчөдө иштер башталып, беш объект толук бүткөрүлдү.
  • Октябрь районунда 15 көчөдө оңдоо иштери жүрүп, жети объект пайдаланууга берилди.
  • Биринчи май районунда 20 көчөнүн 13дө иштер аяктады.
  • Свердлов районунда 22 көчөдө оңдоо иштери башталып, 16 объектте иштер толугу менен бүткөрүлдү.

Аталган иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, борбор калаанын тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *