Бир жумада өлкөдө 23 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Бир жумада өлкөдө 23 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды


11

Өлкө аймагында 17-июлдан 23-июлга чейин алдын ала маалымат боюнча 23 миң 735 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, катталган мыйзам бузуулардын ичинен 4619 учур тийиштүү документтери жок транспорт каражатын башкарууга, 429 учур мас абалында унаа башкарууга, 222 учур автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатууга байланыштуу болгон.

Мындан тышкары, жөө жүргүнчүлөр катышкан 924 жол эрежесин бузуу, транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузган 4451 учур, автоээнбаштыктын 22 фактысы, белгиленген ылдамдыкты ашыруунун 1226 учуру жана жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруунун 11 фактысы катталган.

Ошондой эле башка жол эрежелерин бузган 8614 учур аныкталган.

ЖКККББнын маалыматына ылайык, ар кандай жол эрежелерин бузган 3217 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *