Ысык-Көл бир нече эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө кызуу даярданып жатат

Ысык-Көл бир нече эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө кызуу даярданып жатат


2

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгынын жүрүшүн текшерди.

Ысык-Көл районунун Бает айылында Министрлер Кабинетинин Төрагасы «UIM F1H2O – Кыргызстандын Гран-приси Ысык-Көл 2026» эл аралык спорттук иш-чарасын өткөрүүгө даярдык көрүүнү текшерди. Ага уюштуруу иштери жана зарыл инфраструктураны даярдоо боюнча маалымат берилди.

Жумушчу сапарынын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшүн текшерди.

Адылбек Касымалиев тийиштүү ведомстволорго, органдарына коопсуздук, көрктөндүрүү, инфраструктура маселелерине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *