ИИМ: Кыргызстандын мыйзамдарын бузган чет өлкөлүк жарандар депортацияланышы мүмкүн

ИИМ: Кыргызстандын мыйзамдарын бузган чет өлкөлүк жарандар депортацияланышы мүмкүн


14

Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган чет өлкөлүк жарандар мыйзамда белгиленген тартипте өлкөдөн чыгарыларын эскертти.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында жүргөн ар бир чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоого, кыргыз элинин каада-салттарын, маданиятын урматтоого жана коомдук тартипти бузбоого милдеттүү.

Министрлик белгилегендей, мыйзам талаптарын бузуу административдик же башка мыйзамдык жоопкерчиликке алып келип, анын ичинде депортациялоо чечими кабыл алынышы мүмкүн.

ИИМ жарандарды жана өлкө аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарды мыйзамдарды урматтоого чакырып, бул коомдук коопсуздукту, тартипти жана өз ара сый-урматты камсыздоонун негизги шарты экенин белгиледи.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *