Кыргызстанда жайыттарды пайдалануу эрежесин бузган 109 учур катталды

Кыргызстанда жайыттарды пайдалануу эрежесин бузган 109 учур катталды


13

Жыл башынан бери Кыргызстанда жайыттарды пайдалануу эрежелерин бузган 109 учур аныкталды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, мыйзам бузгандарга жалпысынан 600 миң сомго жакын административдик айып салынган.

Министрлик билдиргендей, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жайыттарды коргоо максатында рейддик текшерүүлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүп келет. Иш-чаралар Министрлер кабинетинин №330 токтомунун талаптарын аткаруунун алкагында уюштурулууда.

Аталган токтомго ылайык, жайыттарга эндуро мотоциклдердин, квадроциклдердин жана башка автотранспорт каражаттарынын көзөмөлсүз кирүүсүнө тыюу салынган.

Адистердин айтымында, мындай техникалардын жайыттарга кириши чөп катмарына зыян келтирип, өсүмдүктөрдүн жабыркашына жана жердин табигый экологиялык абалынын бузулушуна алып келет.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *