Акжол Махмудов баштаган кыргызстандык балбандар Венгриядагы рейтингдик турнирге катышат

Акжол Махмудов баштаган кыргызстандык балбандар Венгриядагы рейтингдик турнирге катышат


32

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтө турган эл аралык рейтингдик турнирге катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, мелдеш 16-20-июль күндөрү өтөт.

Өлкө намысын башкы машыктыруучу Улук Карачолоков жана улук машыктыруучу Арсен Эралиевдин жетекчилиги алдында төмөнкү 10 балбан коргойт:

  • Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
  • Автандил Таалайбек уулу (63 кг);
  • Раззак Бейшекеев (72 кг);
  • Алибек Бердиев (77 кг);
  • Акжол Махмудов (82 кг);
  • Ырыскелди Максатбек уулу (82 кг);
  • Асан Жанышев (87 кг);
  • Үзүр Жусупбеков (97 кг);
  • Нурболот Токтогонов (130 кг);
  • Эрлан Манатбеков (130 кг).

Бул рейтингдик турнирде спортчулар эл аралык рейтингдеги упайларын көбөйтүп, дүйнөлүк мелдештердеги позициясын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *