Эгемендүүлүк күнүнө карата Караван айылында жаңы терапия бөлүмү ачылат

Эгемендүүлүк күнүнө карата Караван айылында жаңы терапия бөлүмү ачылат


18

31-август- Эгемендүүлүк күнүнө карата Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылында жаңы терапия бөлүмү пайдаланууга берилет.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жаңы саламаттык сактоо мекемесинин курулушуна Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы тарабынан 20 миллион сом инвестиция тартылып, жергиликтүү бюджеттен дагы 7 миллион сом бөлүнгөн.

17 орунга ылайыкташкан заманбап имараттын ишке кириши менен 18 жаңы жумуш орду түзүлөт.

Облус жетекчисинин орун басары Абдирашит Ташбалтаев курулуштун даярдыгын жеринен текшерип, тиешелүү мекемелерге объектти белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу пайдаланууга берүү боюнча тапшырмаларды берди.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *