Быйыл Кыргызстанда 1,5 миңден ашык адам кенеден жабыркады

Быйыл Кыргызстанда 1,5 миңден ашык адам кенеден жабыркады


1

2026-жылдын 1-январынан 25-июнуна чейин Кыргызстанда кене чаккан 1 миң 569 учур катталды. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2,7 эсеге көп. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын арасында кене аркылуу жугуучу инфекциялардын 17 учуру аныкталган. Алардын ичинен 3 учур кене энцефалити, 14 учур кене риккетсиозу болуп саналат.

Кене чаккан учурлардын эң көп катталганы Бишкек шаарында (656), Чүй облусунда (480) жана Ысык-Көл аймагында (334) байкалган.

Адистердин белгилешинче, учурлардын көбөйүшү климаттык шарттарга, кенелердин эрте активдешүүсүнө, алардын жайылуу аймагынын кеңейишине жана калктын жаратылыш аймактарында көбүрөөк эс алуусуна байланыштуу болушу мүмкүн.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *