Таласта бир күндө 29 кичи футбол аянтчасы ачылды

Таласта бир күндө 29 кичи футбол аянтчасы ачылды


2

Бүгүн Талас облусунда бир күндө 29 кичи футбол аянтчасынын расмий ачылышы болуп өттү. Маалыматка ылайык, спорттук объектилер президенттин фондунун каржылоосу менен курулган.

Курулган футбол аянтчаларынын ичинен Талас шаарында 6, Манас районунда 8, Айтматов районунда 7, Бакай-Ата районунда 3 жана Талас районунда 5 аянтча пайдаланууга берилди.

Жаңы спорттук объектилер жергиликтүү бийликтин балансына өткөрүлүп берилип, жалпы калктын пайдалануусуна кызмат кылат.

Долбоордун негизги максаты – жаштардын ден соолугун чыңдоо, дене тарбия жана спортко болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле заманбап шарттарда машыгууга мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *