Манас шаарынан Багыш айылына чейин жаңы жол салынууда
22
Манас шаарынан Багыш айылына чейин жаңы унаа жолу салынууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.
«Жаңы унаа жол мурдагы эски темир жолдун ордуна салынууда. Узундугу – 12,5 чакырымды түзүп, 4-6 тилкелүү болот. Жер казуу иштери жыйынтыкталып, учурда жолдун негизин тегиздөө жана шагыл төшөө процесси жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Курулуш иштеринде бардык техникалык талаптар сакталып, иштер өз ыргагында аткарылууда.
Учурда курулуш объектисинде 60 жумушчу жана 53 даана атайын техникалар тынымсыз иштеп жатат.