Кытайдан ат менен келе жаткан кыргыз кыздарын Кеминде салтанаттуу тосуп алышты
2
Кемин районунда Кытайдан ат менен келген этникалык кыргыз кыздарды салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасы уюштурулду.
Конокторду Кемин районунда жылуу маанайда тосуп алышып, алардын эки элдин достугун жана ынтымагын даңазалаган сапарына ийгиликтерди каалашты. Иш-чаранын жүрүшүндө кыздарга ак баталар берилип, улуттук белектер тапшырылды.
Ошондой эле жергиликтүү өнөрпоздор тарабынан концерттик программа уюштурулуп, келген меймандарга кыргыз элинин меймандостугу көрсөтүлдү.