Садыр Жапаров билим берүү уюмдарында окуу акысын жогорулатууга мораторий киргизди

Садыр Жапаров билим берүү уюмдарында окуу акысын жогорулатууга мораторий киргизди


11

Президент Садыр Жапаров кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу үчүн акыны жогорулатууга мораторий киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров “Кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу үчүн акыны жогорулатууга мораторий киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.

Документке ылайык, билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жарандарды социалдык коргоону күчөтүү, билим алуучулардын укуктарын жана муктаждыктарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

  • 2026–2027-окуу жылы кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында алардын уюштуруу-укуктук
    формасына жана статусуна карабастан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн акы төлөнүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди жогорулатууга мораторий киргизилсин.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *