VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын эл аралык сынактарына улуттук тандоо туру башталды

VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын эл аралык сынактарына улуттук тандоо туру башталды


9

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы эл аралык сынактарга катышуу үчүн улуттук тандоо туру башталганын жарыялайт .

Тандоонун максаты — өлкөнүн мыкты чыгармачыл өкүлдөрүн аныктап, кыргыз маданиятын эл аралык деңгээлде татыктуу көрсөтүү. Сынактар этно-мода, кол өнөрчүлүк, этно-бий, этно-ыр, этно-дуэт жана сказительдик, вокалдык-аспаптык, аспаптык искусство багыттары боюнча өткөрүлөт.

Ар бир багыт боюнча кураторлор аныкталып, катышуучуларга маалыматтык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүшөт.

Улуттук турдун жеңүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык сынактарга катышат.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *