Майрам күндөрүнө карата Бишкек автобекетинде каттамдардын саны көбөйөт

Майрам күндөрүнө карата Бишкек автобекетинде каттамдардын саны көбөйөт


11

2026-жылдын 30-апрелинен тартып майрам күндөрүнө карата Бишкек Автобекетинде каттамга чыккан унаалардын саны көбөйөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалым болгондой, Ысык-Көл жана Нарын багыттары боюнча шаарлар аралык каттамдар.

Белгилей кетсек, иш күндөрү жогоруда белгиленген багыттарга 100гө чукул унаа каражаты чыкса, майрам күндөрү бул көрсөткүч 2 эсе өсөт.

Бишкек шаарындагы автобекеттер кадимки режимде иш алып барууда. Автобекеттин иштөө убактысы күн сайын эртең мененки саат 07:00дөн кечки 23:30га чейин. Күндүзгү убакыт 07:00дөн 19:00гө чейин, Нарын жана Ысык-Көл багыттарына негизинен кичи автобустар каттайт. Ал эми кечки 21:00дөн 23:30га чейинки аралыкта, аталган багыттар боюнча чоң көлөмдүү автобустардын каттамдары уюштурулуп, Ысык-Көл облусуна 5, Нарын облусуна 1 автобус каттайт. Ошондой эле Алматы, Тюмень, Кашгар жана Артуш эл аралык каттамдары туруктуу иш алып барууда.

Мындан тышкары, батыш багытын тейлеген Ак-Кула автобекетинде Талас облусуна жана Ташкент, Джизак эл аралык чоң автобустук каттамдары иш алып барууда.

Ошондой эле аба-ырайынын жылышы менен сезондук каттамдар да каралган 15-майдан 15-октябрга чейин Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен багыттары боюнча кичиавтобус каттамдары да ишке киргизилет.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *