Нарын – Баетов жолунун 120 чакырымына асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолунун 120 чакырымына асфальт төшөлүүдө


10

Нарын – Баетов унаа жолунун бир нече чакырымдарында курулуш иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Аталган министрликтен билдиргендей, бүгүнкү күндө 8-13-чакырымга чейинки аралыгында асфальттын экинчи катмары төшөлүп жатат.

Ошондой эле 84-115-чакырымга чейинки тилкенин 11,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары басылып, калган тилкеде жер иштери жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу процесси жүрүүдө. Ал эми 99-102-чакырым аралыктын оң тарабына асфальттын биринчи катмары басылууда.

Мындан тышкары, 115-120-чакырым аралыгына асфальт-бетондун төмөнкү катмарын төшөө жумуштары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Нарын – Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакрымды түзөт. Унаа жолунун курулушуна керектүү бардык ресурстар толук камсыздалган.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *