Ош шаарында 13 жаңы эс алуучу жайдын курулушу жүрүп жатат

Ош шаарында 13 жаңы эс алуучу жайдын курулушу жүрүп жатат


24

Учурда Ош шаарында 13 жаңы сейил бак курулуп жатат. Бул тууралуу мэр Жанарбек Акаев «Аэропорт»авиапаркын пайдаланууга берүү иш-чарасында айтты.

Анын айтымында, шаарды жашылдандыруу боюнча долбоорлор да активдүү ишке ашырылып жатат, анын ичинде бак-дарактарды отургузуу жана жашыл зоналарды кеңейтүү иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, 25-апрелде Ош эл аралык аэропортунда “Аэропорт” авиапаркынын расмий ачылышы болгон. Парк бир гектар аянтты ээлейт, анда сейилдөөчү аянтчалар, фонтан, эки учак, авиация музейи жана Сулайман-Тоонун 3D модели бар. Жарыктандыруу жана дизайнердик отургучтар да камтылган.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *