Башталат баары майдадан, Байкабайт аны майда адам. Кутман таң, окурман!
2
Бүгүн, 26-апрель өлкө аймагынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24…+29, Талас жергесинде +21…+26, Ысык-Көлдө +17…+22, Нарын өрөөндөрүндө +18…+23 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ошто +27…+29 градуска жетет.