Бишкекте жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт

Бишкекте жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт


1

Кыргыз улуттук «Манас» театры 24-апрель саат 09:00дө таланттуу жаш манасчыларды аныктоо жана колдоо максатында республикалык кароо-сынагын өткөрөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кароо-сынактын негизги максаты – улуу Манас эпосу аркылуу улуттук баалуулуктарды жайылтуу, ошондой эле жаш муундун чыгармачылык потенциалын ачуу жана өнүктүрүү болуп саналат.

Сынакка республиканын бардык аймактарынан буга чейинки тандоо баскычтарынан ийгиликтүү өткөн жаш манасчылар катышат. Финалдык турда алар өз өнөрлөрүн тартуулап, мыктылар аныкталат.

Дареги: Бишкек шаары, Самойленко көчөсү, 2/9

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *