Кайра демонтаж: Чүй жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз тосмо кайра алынды

Кайра демонтаж: Чүй жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз тосмо кайра алынды


20

Биринчи Май районунда Жер пайдаланууну контролдоо боюнча  башкармалыгы тарабынан Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде мыйзамсыз объектти демонтаждоо иштери жүргүзүлдү. Жакынкы үйлөрдүн жашоочулары муниципалдык аймакты өз алдынча тосуп, тосмо жана дарбаза орнотуп алышкан. Бул тууралуу маалыматты мэриянын басма сөз кызматы таратты.

Маалым болгондой, аталган объект буга чейин да башкармалык тарабынан демонтаждалган, бирок кийинчерээк тосмо кайрадан орнотулган.

“Демонтаждан кийин конструкциялар алынып, айып короосуна жеткирилди. Ээлери аларды айып пулду жана демонтажга кеткен чыгымдарды төлөгөндөн кийин алып кете алышат. Муниципалдык аймакта мындай объекттерди кайрадан орнотууга жол берилбейт”, — деп жазылат маалыматта.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *