Коомдук жайда тамеки чеккен министрге айып пул салынды (ВИДЕО)

Коомдук жайда тамеки чеккен министрге айып пул салынды (ВИДЕО)


26

Ички иштер министри Улан Ниязбековго коомдук жайда тамеки чеккени үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу аталган министрлик маалымдайт.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда министрдин коомдук жайда тамеки чеккени талкуу жараткан.

Аталган видео боюнча ИИМ төмөнкүлөрдү билдирген:

— Бул факты боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте протокол түзүлүп, айып пул төлөндү.

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо кызмат ордуна карабастан бардык жарандар үчүн милдеттүү экенин белгилейбиз.

— Ички иштер органдары жарандарды мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *