Муфтият: Орозо айт намазы мечиттерде окулат

Муфтият: Орозо айт намазы мечиттерде окулат


37

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо айт намазынын программасын жарыялады. Ага ылайык, 20-март Орозо айт күнү деп белгиленгендиктен, Айт намазы мечиттерде төмөнкүдөй программанын негизинде өткөрүлөт:

07:30 – 08:00 – Куран окуу;

08:00 – 08:25 – Диний баяндар;

08:25 – 08:30 – Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;

08:30 – Айт намазын окуу.

Белгиленгендей, тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн убактардан бир аз айырмаланышына (жергиликтүү шарттарга жараша) уруксат берилет.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *