Массалык уулануудан жабыркагандардын саны 20га жетти

Массалык уулануудан жабыркагандардын саны 20га жетти


20

Бишкекте массалык уулануудан жабыркагандардын саны 20 адамга жетти. Бул тууралуу Республикалык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев кабарлады.

Анын айтымында, медициналык жардам сурап жалпысынан 20 адам кайрылып, алардын 19у ооруканага жаткырылган. Башкы дарыгер, бир бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатканын, анын абалы жакшырып калганын кошумчалады.

Буга чейин «Буффет» ашканасынан тамактанган 13 адам жабыркап, 11и ооруканага жаткырылган. Учурда аталган тамактануучу жайга протокол түзүлүп, 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ашкананын иши убактылуу токтотулду.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *