Баткендеги шахтада газ чыгып, 18 кызматкер ууланып, эки адам көз жумду
11
Кырсык Самаркандек айылындагы “Баткен Мунай” шахтасында болгон. Куткаруучулар 200 метр тереңдиктен алардын сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берди.
Ал эми үчүнчү кенчи аман-эсен куткарылып, тез жардам кызматкерлерине тапшырылган. Мындан тышкары, газга ууланган 18 кызматкер Баткен райондук ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер алардын абалы канааттандырарлык экенин билдиришти.