Унаасы менен базар аралаган айдоочуга 5 миң сом айып салынды
0
Унаасы менен базар аралаган айдоочуга 5 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын МККБнын басма-сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган автоунаанын айдоочусу Бишкек шаарынын базарларынын биринде тротуар менен айдаган үчүн Бишкек шаарынын МККБнын кызматкерлери тарабынан табылып, жоопко тартылды.
Бишкек шаарынын МККБсы бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырат.