Бишкекте катуу шамал чатырларды учуруп, бактарды кулатты

Бишкекте катуу шамал чатырларды учуруп, бактарды кулатты


3

Бүгүн Бишкек шаарында катуу шамал катталып, эки райондо турак жайлардын чатырлары учуп, бактар кулаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Атап айтканда, Ленин районуна караштуу Москва көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн чатыры учуп, жакын жайгашкан үйдүн чатырына түшкөн.

Ошондой эле Бакаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн, Интергельпо көчөсүндөгү турак үйлөрдүн (барак тибиндеги) чатырлары учуп кеткен жана Бакаев көчөсүндө бак кулаган. Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн сырткы жасалгысы урап, 2 унааны басып калган.

Кыргызгидромет кызматы бүгүн саат 06:15 тарта Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында секундасына 15-20 чейин метрге жеткен катуу шамал катталышы мүмкүн деген шашылыш билдирүү тараткан.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *