Жогорку Кеңештин жаңы 4 депутаты ант берди

Жогорку Кеңештин жаңы 4 депутаты ант берди


19

Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы 4 депутатына БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров төш белги жана күбөлүктөрдү тапшырды.

Андан соң эл өкүлдөрү – Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов, Айгүл Карабекова жана Азизбек Абдуллаев ант беришти.

Белгилей кетсек, үч депутат – Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов, Айгүл Карабекова БШКнын №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттарын каттоо жөнүндө токтомунун негизинде мандат алды.

Ал эми Азизбек Абдуллаев №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Элдар Сулайманов өз каалоосу менен мандат тапшыргандыгына байланыштуу парламентке келди.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *