Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода Кыргызстанга келди

Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода Кыргызстанга келди


19

Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди. «Манас» эл аралык аэропортунда Премьер-министрди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Премьер-министр Кохир Расулзода сапарынын алкагында Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышат. Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат. Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары борбор калаадагы инфраструктуралык ишканаларга барышат.

 

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *