Бишкекте аял батирин сатып, шылуундарга 22 млн. сом которуп берген

Бишкекте аял батирин сатып, шылуундарга 22 млн. сом которуп берген


25

 Бишкекте аял батирин сатып, ири суммадагы акчасын шылуундарга алдатып жиберди. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Г.Ч. аттуу аялга белгисиз жарандар түрдүү номерлер менен WhatsApp аркылуу байланышып, өздөрүн УКМК жана банктын кызматкерлери катары тааныштырган. Алар жабырлануучуга психологиялык кысым көрсөтүп, ар кандай каржылык операцияларды жүргүзүүгө мажбурлашкан.

Натыйжада аял өзүнө таандык батирин сатууга аргасыз болуп, андан кийин 22 миллион 130 миң сомун алдамчылардын эсебине которгон.

«Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен иш козголду. 19, 24 жана 28 жаштагы үч шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *