Баткен/08.12.25
Кадамжай районунда Ош — Раззаков трассасында эки автоунаа кагышкан оор жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБи маалымдады.
Берилген маалыматка ылайык, Daewoo Tico маркасындагы унаанын айдоочусу Н.Д. түштүк тарапка багыт алып келе жатып, белгисиз себептерден улам каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада ал жактан келе жаткан Ford пикабы менен катуу кагышкан.
Кырсык болгон жерде 38 жаштагы Х.Н. жана анын 16 жаштагы кызы Ю.М. окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми рулда болгон үй-бүлө мүчөсү Д.Н. ооруканага жеткирилгенче жолдо каза тапкан.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси («Жол кыймылынын жана унааларды пайдалануунун эрежелерин бузуу») менен кылмыш иши козголду. Ford унаасын башкарган 35 жаштагы Т.Т. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

