Баткен районунда мыйзамсыз менчиктештирилген жерлер кайрадан мамлекеттин балансына өттү. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Маалыматка караганда:
“Болот” дыйкан чарбасынын башчысы Баткен шаарында мыйзамсыз ээлеген 1,5 гектар жер тилкесин,
Кыштут айылында 5 гектар жер тилкесин,
ошондой эле “Кызыл-Бел-Автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанындагы 2 гектар жерди мамлекетке өткөрүп берген.
Жалпы мамлекетке кайтарылган аянт 8,5 гектар жерди түзөт. УКМК билдиргендей, менчик ээлери бул жерлерди ыктыярдуу түрдө өткөрүп беришкен.
https://www.youtube.com/watch?v=mERfDtablXs

