7-ноябрь — Маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин күнү! Ушуга байланыштуу Баткен облустук мамлекеттик администрациясында салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө облустагы маалымат айдыңында эмгектенген бир катар журналисттерге сыйлыктар ыйгарылды.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков жана Баткен районунун акими Данир Иманалиев калем ээлеринин коомдогу ордун, ошондой эле облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымын белгилеп, аларга чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.
Мындан тышкары, мамлекеттик ишканалар да басма сөз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, акчалай сыйлыктарды, Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырышты.
Эске салсак, Кыргызстанда дал ушул күнү — 1924-жылы — туңгуч кыргыз тилдүү “Эркин-Тоо” гезити (азыркы “Кыргыз Туусу”) жарык көргөн.






