Гүлчехра Тажибаева тажрыйбалуу журналист эле

8-ноябрь/Баткен/
Гүлчехра Тажибаева 46 жашка чыкмак – Өткөн жылы гезитибиздин 25 жылдыгын белгилеп, салтанат өткөрүп жаткан учурдагы кубанычы чексиз болчу. Биз деле бир туугандай болуп калган кесиптешибизден капылет айрылып калабыз деп түк эле ойлобоптурбуз. Маанайы көтөрүңкү жүрдү. Өз эмгегинин үзүрү болгон төш белгилерин тагып алып, кайра – кайра сүрөткө түшүп жатты.
Гүлчехра чын эле өзүнүн милдетин так аткарган сабаттуу, жоопкерчиликтүү журналист эле. Редакцияга катчылык кызматка жаңы келгенден бери билем. Зээндүү болчу., катчылык кызматта жүрүп эле журналистиканы дагы бат өздөштүрүп алды. Кандай гана тапшырма бербегин так аткарчу.
Быйыл 7 ноябрь Басма сөз күнүн жамаатыбыз менен белгилеп, коллегабызды эскердик. Учурунда Баткен районунун Кызыл Туу газетасын дагы жетектеп, мыкты редактор катары таанылган эле. Редакциянын катчылык ишинен баштап, журналист, бөлүм башчы, редактор кызматтарды аркалаган Гүлчехра Тажибаева быйыл 46 жашка чыкмак.
Атаганат адам эртең эмне болушун, кандай тагдыр күтүп турганын билбейт тура. Ошол күнү 8 – ноябрь болчу. Адатттагыдай жумушка жакшы маанай менен келди. Экөөбүз келээрки гезит жөнүндө сүйлөштүк. Жетишкен ийгиликтерибиз боюнча – өзгөчө сайт, ФБ баракчабыздагы, Ютуб каналыбыздагы маанилүү материалдар жөнүндө жакшы сүйлөштүк.
Чын эле Баткен таңы гезитинин соц.тармактардагы маалыматтары ыкчам жана маанилүү мааалыматтар менен чыгып, коомчулуктун көңүлүн бургандыгы жакшы көрүнүш деп баалачу.
Алдыда дагы көп жакшы максаттар бар болчу. Китеп чыгаруу, Баткендин 25 жылдык тарыхын жазып калтыруу жөнүндө талкуулап, кеңири баарлаштык эле. Ошол учурда Гүлчехранын жүзүнөн бир муңайуу байкалган жок. Тескерисинче көңүлдүү, адаттагыдай шаңдуу маанай менен чыккандан кийин 10 мүнөттүн арасында күтүлбөгөн окуя болуп кетти. Дароо өмүрлүк жолдошуна кабарлаганча тез жардам да жетип келди. Ошондон 3 күндөн кийин биз татынакай, 5 убак намазын үзбөй окуп, журналисттик милдетин так аткарган кызыбыздан арылып калдык.
Бүгүн дагы кесиптик майрамыбызды белгилеп жатабыз. Тагдыр ушундай экен. Баарыбыз эскердик. Бейишин берсин, биз эч качан кесиптешибизди унутпайбыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *