Бай тарыхка ээ Муш шаарынын архитектуралык өзгөчөлүктөрү

Биз төрт өлконүн – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандын журналисттери бул жолу Туркиянын чыгыш тарабында жайгашкан бай тарыхы бар өзгөчө жаратылышы, кооздугу менен айырмаланган Муш облусунун аймагында да болдук. Байыркы доорлордон калган мечиттер, күмбөздөр, чептер сүрдүү көрүнүп, кимди болбосун көңүлүн өзүнө буруп турат. Алар 14 кылымда курулган Алааддин мечити азыр туристтер көп барган орто кылымдарга таандык Муш чеби мындан тышкары Муш шаары өзүнүн элдик ырлары жана дастандары менен белгилүү. Бул ырларда Муштун кооз жаратылышын жана элдин жашоо турмушун даңазалайт. Бүгүнкү күндө туристтер үчүн да өтө кызыктуу багыт болуп саналат. Ал жерге келгендер түрк маданиятынын чыгыштагы өңүн сезе алышат.
Чыгыш Анадолу аймагында жайгашкан Муш биз башта айтып өткөндөй байыркы архитектуралык эстеликтери, жаратылышы жана тарыхы менен өзгөчө. Тарыхчылардын айтуусунда бул аймак Селжук доорунда түрк элдери алгач келген жерлердин бири. Шаардын белгилүү тарыхый жайларына улуу мечит, тарыхый Мурат көпүрөсү да кирет.
Муштун эң маанилүү тарыхый жайлардын бири – улуу мечит . Бул мечит 14 — кылымдын экинчи жарымында шейх Мухаммед Ал – Магриби тарабынан курулган. Мечиттин ичинде шейхтин кабыры жайгашкан. Курулушу төрт бурчтуу формада болуп, жалгыз күмбөз 6 таянычка негизделген. 1968 — жылы реставрация болуп, 1972 жылы аяктаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *