Өтмөк ашуусундагы аба ырайынын начарлашына байланыштуу Ош — Бишкек багытындагы жолдун “Сосновка” жана “Чычкан” постторунда оор жүк ташыган унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди.
Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына караганда, ашууларда кар жаап, жолдор тоңголок болуп калган. Учурда жол тейлөө кызматтары коопсуздукту камсыздоо максатында жолго туз жана кум себүү иштерин жүргүзүп жатышат.



