Баткен/ 01.11.25/ Баткен таңы
Бүгүн, 1-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Баткен облусунда ички иштер органдары үчүн курулган бир катар жаңы объектилердин ачылышына онлайн форматында катышты.

Иш-чаранын алкагында:
Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имараты,
Кадамжай районунун Кызыл-Коргон жана Лейлек районунун Мурас айылындагы милициянын участкалык пункттары,
Раззаков шаарында 32 батирлүү турак үй пайдаланууга берилди.
Жаңы имараттар заманбап талаптарга жооп берип, кызматкерлерге иш бөлмөлөр, окуу кааналар, спорттук залдар жана автоунаа токтотуучу жайлар менен камсыздалды. Раззаков шаарындагы турак үйдө жашоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн, анын ичинде балдар аянтчалары, эс алуу жайлары жана жылытуу системасы бар.







